Get Mystery Box with random crypto!

Польшада ВНЖны (karta czasowego pobytu) ортомчу фирмалар жок | Польша кыргызча 🇰🇬🇵🇱

Польшада ВНЖны (karta czasowego pobytu) ортомчу фирмалар жок алса болобу?

Албетте, болот.
Мисалы мен эч качан ортомчу фирмаларга кайрылган эмесмин.

Ортомчу фирмаларга кайрылбастан, өзүңүз баардык керектүү документтерди даярдап койууга мүмкүнчүлүк бар.

Ал үчүн

Польшанын ар бир воевудствасына таандык ужондтун интернет баракчалары бар.
Алардын интернет баракчасында баары жакшы тушундурулуп жазылган.

Картага тапшыруу үчүн өзүңүз жашаган шаардагы ужондтко кайрылуу керек.

Эгерде ортомчу фирмаларга кайрылбастан, өзүңүз баарын даярдайм десеңиз, анда болгону 450+100=550 PLN сарптайсыз.

Мисалы:
Poznan:

https://poznan.uw.gov.pl/
Wrocław:
https://www.duw.pl/pl/obsluga-klienta/cudzoziemcy
Warszawa:
https://migrant.wsc.mazowieckie.pl/

Картана жумуш/окуу/бизнес аркылуу тапшырсаңыз болот.
Карта побыту 1 жыл же 3 жылга берилет.