Get Mystery Box with random crypto!

АЯЛ, АЯЛ Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын, Жан жыргалы, жарооке | “Жашоо маңызы” 🍃🌱🍂

АЯЛ, АЯЛ

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,
Акыйкатта айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката
Кекээрлебей кечирип кой анысын.

Аял, аял..., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назына
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм арс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

Байдылда Сарногоев